Жер жүзүндөгү ачка, тамакка жетпей жүргөн адамдардын саны 800 миллиондон азыраак деп айтылат Улуттар Уюмунун адистери жүргүзгөн атайын иликтөөдө. Уюмдун азык түлүк жана айыл чарба программасынын Римдеги штабы быйылкы иликтөөдө жер жүзүндөгү ачка адамдардын саны 795 миллионду түзөрүн, бул 90-жылдарга караганда 216 миллионго аз экенин билдирди.
БУУнун баяндамасында бул тенденциялар ачкачылыкты биротоло жеңүүгө мүмкүн деген үмүттү пайда кылары айтылат.