Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:58

АКШ Украинага курал берүү тууралуу дагы сөз козгоду


АКШ вице-президенти Жо Байден. Вашингтон, 9-апрель, 2015-жыл

АКШ вице-президенти Жо Байден. Вашингтон, 9-апрель, 2015-жыл

"Эгер Москва Украинага каршы баскынчылык аракеттерин уланта берсе, ал аракеттери үчүн өтө көп төлөп калат" деди АКШнын вице-президенти Жо Байден. Бул тууралуу ал шаршемби күнү Вашингтондо Брукингс институтунун форумунда билдирип, АКШ менен НАТО Путиндин коңшу мамлекеттерди сестентүү боюнча аракеттерин токтотууга болгон күчүн жумшайт деп айтты. Ал ошондой эле Украинага күчтүү куралдарды берүү өзүн актайт деп билдирди.

- Украинанын чыгышындагы чатак менин оюмча дүйнөнүн башка өлкөлөрү үчүн “сыноо” болду. Ошондуктан, АКШ Киевге жардам берүүнү улантат. Украина эч нерсеге карабай демократиялык реформаларды уланта берүүгө тийиш.

Бул тууралуу маалымдаган USA Today гезити Вашингтондо Украинага күчтүү курал берилет деген сөздөргө негиз берүүчү билдирүүлөр айтылды деп жазды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG