Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Бишкекте он жашар бала куткарылды


Кечээ кечке жуук Тунгуч кичирайонунда он жаштагы бала тогуз кабат үйдүн чатырынан аба үйлөгүч шахтага түшүп кеткен. Бул тууралуу маалымат Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына түшөрү менен окуя болгон жерге Өзгөчө кырдалдар министрлигинин Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, шахтадан баланы чыгарып алышкан. 10 жаштагы Баяман Медетбеков 9-кабаттын чатырынан 1-кабатка чейин аба үйлөгүч шахта аркылуу түшүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бала аман-эсен экенин жана дарыгерлерге өткөрүлүп берилгенин маалымдады.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG