Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

Студенттер автоунаа жууп, тапкан акчасын кайрымдуулукка жумшайт


Бишкек гуманитардык университетинин студенттери автоунаа жуучу жайларда иштеп, тапкан акчаларын кайрымдуулукка жумшашмакчы. Демилгенин уюштуруучуларынын бири Асел Амангелдиеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, студенттер бүгүн кечке борбор калаадагы он автоунаа жуучу жайда иштешет. Андан түшкөн каражаттын баары 1-июнда балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын Бишкекке алып келип, саякаттатууга жумшалмакчы.

“Эмгектенип жардам бер” деп аталган кайрымдуулук иш-чарасы БГУнун студенттери тарабынан экинчи жолу өткөрүлүүдө. Өткөн жылы дал ушундай эле акцияда студенттер 5 автоунаа жуучу жайда бир күн иштеп, 28 миң сом табышкан. Түшкөн каражат жетим балдар үчүн жумшалган.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда балдар үйлөрүндө тарбиялангандардын саны 10 миңден ашат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG