Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Болгария атайын кызматтардын архивин ачыктоодо


Болгария коммунисттик режим учурундагы аскердик чалгындын архивин ачыкка чыгарды. Болгариянын коргоо министри Николай Ненчев журналисттер жана изилдөөчүлөр атайын кызматтардын буга чейин “жашыруун” деп келген документтеринин түп нускасы менен тааныша алат деп билдирди.

Ненчев “коммунисттик режимдин репрессиялык органдарынын ишмердүүлүгүн ачыкка чыгаруу” зарылдыгын билдирип, коммунисттердин бийлигине байланышкан тарых барактарын биротоло өзгөртүүгө мезгил келип жетти деди. Бирок 1944-жылдан тартып, 1991-жылга чейин болгар атайын кызматтары менен кызматташкан чет элдик агенттердин аттары ачыкталбасын кошумчалады министр.

Шаршембиде 30 миң документтен “жашырын” деген гриф алынды. Бул документтер изилдөөчү Жарандык комиссияга өткөрүлүп берилди.

Болгария 1989-жылы Тодор Живковдун диктатордук режими кулатылганга чейин СССРдин эң ийкемдүү союздаштарынын бири деп эсептелген.

XS
SM
MD
LG