Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:50

ӨКМ: Жер көчкүдөн жабыркагандар 5-6 күн мурда бийликке эскерткен


Кыр-Жолдуктар жер көчкү болгон каргашалуу күндөн 5-6 күн мурда жергиликтүү бийликке кайрылып, абал кооптуу экенин эскертип, эгер жер берилсе башка жакка көчүрүп кетүүнү суранган. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн парламентте депутат Нурбек Касымбеков "ӨКМ кырсыктарды алдын алуу ишин жакшы жүргүзбөй жатат" деп, Кыр-Жолдо адам өлүмүнө жол бербөө мүмкүн болчу деген доомат айткан.

ӨКМ маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун белгилешинче, Кыр-Жолдогу абалдын кооптуулугу тууралуу эскертме жергиликтүү бийликке 1994-жылдан бери берилип келаткан. Бирок ал жактагыларды көчүргөнгө башка жер жок болгондуктан адамдар аргасыз кала берген.

Сузактын Кыр-Жол айылында 24-майга караган түнү көчкү жүрүп, кыр боорундагы беш үйдү жана айылдык эмкананы басып калган. Алты адам каза таап, бешөө жараат алган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG