Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Оренбургда "кара тизмедеги" төрт кыргыз жараны камакта


Орусиянын Оренбург облусунда Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесине” кирген төрт кыргызстандык убактылуу кармоо жайында камакта жатат. Бул тууралуу мигранттар менен иш алып барган “Замандаш” ассоциациясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алар Орусиянын аймагында мыйзам бузду деп кармалган. Үчөө ассоциациянын көмөгү менен бошотулуп, Кыргызстанга жөнөтүлдү. Калган төрт адам полициянын кармоо жайында калууда.

Орусия былтыртан тарта миграциялык мыйзамдарын катаалданткан болчу. Расмий маалымат боюнча мыйзам бузду деген, Орусияга кирүүгө тыюу салынып, “кара тизмеге” кошулган кыргыз жарандарынын саны 70 миңден ашкан. Бирок өлкөнүн Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу менен жарандарды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча иш жүрөрү айтылган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG