Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:02

Таласта "Чоң апамдын ийиги" акциясы өтүүдө


Бүгүн Талас облусунун Манас айылында “Чоң апамдын ийиги” деген аталышта иш-чара өтүп жатат. Максаты - бабалардын мурасын жандандыруу аркылуу улуу муундан жаш муунга үрп-адаттарды жана баалуулуктарды өткөрүп берүү.

“Айкөл” жарандык демилгелерди өнүктүрүү борбору жана “Талас облустук жаштар кеңеши” коомдук уюму өткөрүп жаткан бул акцияга окуучулар, жаштар жана аялдар комитеттеринин өкүлдөрү, аксакалдар, депутаттар катышууда.

Алар улуттук тамак-аш, жүндөн улуттук буюмдарды жасоого катышып, кыздын себинин көрсөтмөсүнө күбө болушат, жаштар боз үй тиккенди үйрөнөт. Иш-чара оюн-зоок, комуз музыкасы жана улуттук бийлер менен коштолмокчу.

Бул долбоор жергиликтүү бюджеттен муниципалдык социалдык тапшырык боюнча каржыланууда. Жергиликтүү бюджетке финансылык колдоону Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” долбоору көрсөтүүдө. (ZM)

XS
SM
MD
LG