Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Жалал-Абадда балдар атайын ыкма боюнча тесттен өтөт


1-июнда Чаткал районундагы Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылдарында 2ден 6 жашка чейинки балдар Говард Гарднердин «Ар тараптуу интеллект» методикасы боюнча тесттен өткөрүлөт. Иш-чараны «Баластан» балдардын билим берүү борбору уюштурууда.

Балдардын өнүгүүсүн аныктоонун бул кызыктуу методикасын америкалык неврология боюнча профессор, психолог Говард Гарднер иштеп чыккан.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча балада болгон таланттын алгачкы белгилерин аныктоо мүмкүн: тапшырмаларды аткаруу, маалыматты кабыл алуу ылдамдыгын, наристенин кайсы бир ишке өзгөчө берилгенин. Баланын жөндөмдүүлүгүн так аныктоо үчүн педагогдор түрдүү сүрөттөрдү, оюндарды жана көнүгүүлөрдү колдонуп, жомоктордун кандайдыр бир сюжетин көрсөтүп беришет. Мындай метод баланын дараметин ачуу үчүн толук ыңгайлуу шарттарды түзөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG