Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:25

Псковдо жол кырсыгынан төрт кыргызстандык мерт кетти


Псковдогу жол кырсыгында кыргызстандыктар каза болгонуна байланыштуу ал жакка Орусиядагы элчиликтин кызматкерлери жөнөп кетти. Бул тууралуу бүгүн элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Учурда элчилик набыт кеткендердин жакындарына кеңеш, жардам берүү, маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшүү ишин жүргүзүүдө.

Соңку маалымат боюнча, Псков облусунда кечээ жол кырсыгында төрт кыргызстандык жаран каза тапты. Киев шоссесинин 287-чакырымында таңга жуук «Mazda MPV» менен «DAF» жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. «Мазданын» айдоочусу менен үч жүргүнчүсү набыт кеткен. Алар баары кыргыз жарандары экени, Невел шаарын көздөй баратканы аныкталды. «DAFты» белорус жараны айдап бараткан. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG