Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:41

Чакан бизнестин салык отчету жеңилдетилди


Кыргызстанда чакан бизнес жүргүзгөндөрдүн Салык инспекциясына отчет тапшыруу иши жеңилдетилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган мекеменин маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада күчүнө кирген мыйзамга ылайык 1-июлдан тарта майда, чакан жана орто бизнеси барлар салык төлөгөнү тууралуу отчетун үч айда бир тапшырса болот. Буга чейин алар ай сайын отчет берүүгө милдеттүү болчу.

Мындай чара ишкерлердин убактысын үнөмдөө, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүү максатында кабыл алынууда.

Расмий каттоодо турган салык төлөөчүлөрдүн саны Кыргызстанда 400 миңдин тегерегинде. Алардын дээрлик жарымынан көбү чакан бизнесте алектенгендер. (RK)

XS
SM
MD
LG