Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Тажик полковниги ИМдин катарына өткөнүн жарыялады


Гулмурад Халимов (видео тасмадан алынган сүрөт)
Гулмурад Халимов (видео тасмадан алынган сүрөт)

Тажикстандын ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы тобу - ОМОНдун мурдагы командири, полковник Гулмурад Халимовдун видео кайрылуусу социалдык тармактарда жарыяланды. Ал анда "Ислам мамлекети" тобуна кошулуусуна тажик бийлигинин саясатына нааразылыгы себеп болгонун, Тажикстанда намаз окууга жана мусулманча кийинүүгө тыюу салынганын айтат. Полковник ошондой эле өзү менен кошо Сирияга он тажик жараны келгенин билдирген. Орус тилиндеги бул видео тасма Сирияда тартылганы болжолдонууда.

Орусияда жана АКШда билим алган полковник Халимов өткөн айдын соңунда иш бөлмөсүнө кызматтык күбөлүгүн калтырган бойдон Душанбеден табышмактуу түрдө жоголуп кеткен. Кийинчерээк анын машинесин табышкан.

40 жаштагы Халимов тажик милициясынын атайын бөлүгүн соңку үч жылдан бери башкарып, тапшырмаларды мыкты аткарганы үчүн бир канча жолу орден-медалдар менен сыйланганы кабарланууда.



XS
SM
MD
LG