Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Нарын: Кароосуз калган балдар саны өсүүдө


Нарын шаарында багар-көрөрү жок калган балдардын саны өсүүдө. Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү Гүлмира Султангазиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, быйыл жыл башынан бери 44 бала асыроого берилди.

Учурда аталган мекеменин көзөмөлүндө жалпысынан 188 бала турат, арасында жетим калгандар, ата-энеси таштап кеткендер же түрдүү себептерден улам бакканга чамасы келбей калгандар бар.

Султангазиеванын айтымында, мамлекеттик көзөмөлгө муктаж балдардын саны буга чейинки жылдарга караганда кыйла өстү.

Кароосуз калган балдар маселеси Кыргызстан үчүн азыр орчундуу проблемалардын бири. Миллионго жакын кыргызстандык учурда Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдө мигрант болуп жүрөт. Алар балдарын жакындарына, тааныштарына таштап кеткендиктен зордук-зомбулукка кабылган наристелер көп болуп жатканын укук коргоочулар жана дарыгерлер айтууда. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG