Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

Reuters: Орусия Украинага жакын жерге аскер түшүрдү


Reuters агенттиги Орусия армиясы Украинага жакын чек арага көп аскер менен жүздөгөн техникасын жайгаштырганын кабарлады. Агенттик кабарчысынын маалыматына караганда, 23-26-май күндөрү орус армиясынын танктары менен оор артиллерия бөлүктөрү Украинанын орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Луганск облусуна 50 чакырымдай чек ара аймагына жакын алып келинген.

Орусия коргоо министрлиги бул боюнча комментарий берген эмес. Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков болсо кечээги маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып "Украинага жакын жерде белгиси жок аскер менен курал-жарак чабуул жасоого даярдык жүрүп жатканын билдиреби деген суроонун өзү "орунсуз" деп жооп берген.

Расмий Москва болсо буга чейин Киев менен НАТОнун жана батыш өлкөлөрүнүн Украина чыгышындагы жикчилдерди колдоп жатканы боюнча айыптоолорун далай ирет жокко чыгарып келген.

НАТО аскерлеринин командири, генерал Филипп Бридлав болсо ушул айдын башында Украина чыгышындагы жикчилдер жаңы чабуулга даярданып жатканы тууралуу маалыматтар бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG