Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Тажикстанда бир катар сайттар ачылбай калды


Озоди сайты
Озоди сайты

Бүгүн түштөн кийин Тажикстандагы айрым провайдерлер кардарларына "Азия-Плюс", Ютюб, “Одноклассники” жана “В контакте” сайттарына кирүүнү чектеп койду. Алардын катарында "Азаттыктын" тажик кызматынын сайты да бар. "Озоди" сайтынын өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы ондогон окурмандары сайтка кире албай жатканын айтышкан. Даттануулар негизинен​ “Вавилон”, “Индиго”, “Точиктелеком” жана "Мегафон" компанияларынын кардарларынан түшүүдө.

Тажикстандын интернет-провайдерлер ассоциациясынын жетекчиси Асомиддин Атоев бул сайттарды жабуу боюнча өлкөнүн байланыш кызматынан оозеки буйрук болгонун "Озоди" радиосуна билдирди. Анын айтымында, ага тажик полковнигинин Ислам мамлекети тобуна кошулганы тууралуу видеоматериал себеп болгон. Бирок байланыш кызматы сайттардын жабылышына тиешеси жоктугун айтып чыкты.

"Озоди" болсо бул арада статистика сайтка киргендер кескин азайып кеткенин көрсөткөнүн жазып чыкты. Сайтты тосмолоо полковник Халимовдун ИМ тобуна кошулганы тууралуу видео тасма жарыялангандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG