Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 05:57

29-майда Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын президентин шайлоо болот. Добуш берүү федерациянын кечээ башталган 65-конгрессинин алкагында болот. Президенттикке ФИФАнын азыркы башчысы, бешинчи жолу ат салышып жаткан 79 жаштагы Йозеф Блаттер жана иорданиялык принц Али аль-Хусейин катышууда.

Шайлоо ФИФАнын тарыхындагы ири коррупциялык чатак учурунда өтүүдө. Шаршемби эртең менен Цюрихте федерациянын бир канча жогорку кызматкерлери камакка алынганы тууралуу маалымат чыккан.

Швейцариянын Башкы прокуратурасы 2018 жана 2022-жылдары футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтчү өлкөлөрдү тандоодо коррупциялык аракеттерге шектелген тараптарга кылмыш ишин козгоду. Бул жылдары дүйнө чемпионатын өткөрүүгө Орусия менен Катар тандалган болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG