Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Самарада кайрымдуулук уюму чет өлкөдөн каржыланганы үчүн айыпка жыгылды


Самара шаарында “Балалыктын үйү” деп аталган кайрымдуулук уюму чет өлкөдөн каржыланганы үчүн айыпка жыгылды.

Самара облусунун Железнодорожный райондук соту аталган уюмга сырттан акча алып жатканын Юстиция министрлигине көрсөтпөгөнү үчүн үч миң рубль жаза айып салды. Уюмдун жетекчиси Антон Рубиндин айтуусунда, 2014-жылы жазылган отчетто 2013-жылы чет өлкөдөн алынган 50 миң рубль көрсөтүлбөй калган. Бул акчаны Британиянын Charities Aid Foundation кайрымдуулук фондунун Орусиядагы филиалы берген. Рубиндин айтымында, акча “Добро.ру” программасынын алкагында Орусиянын банкы аркылуу, рубль менен которулуп берилген.

“Балалыктын үйү” кайрымдуулук уюму майып, жетим жана оор абалда калган балдарга кайрымдуулук көрсөтүп келет. Уюмдун адвокаты соттун чечимине каршы доо арыз жазарын билдирди.

Орусияда чет мамлекеттерден каржыланган бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агенттер” деп таануу боюнча мыйзам ишке кирген. Аларды “чет элдик агенттердин” тизмесине киргизүү Башкы прокуратурага жүктөлгөн.

“Балалыктын үйү” уюму да бир катар текшерүүлөрдөн өткөн. Бирок чет элдик агент катары таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG