Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Каада-салт билимин өркүндөтүүгө арналган жыйын болот


Боз үй - көчмөн жашоонун символу
Боз үй - көчмөн жашоонун символу

31-майда Бишкекте “Каада-салтты сактоо жана аларды экономикалык жактан өнүгүүгө, коомчулуктун социалдык баалуулуктарын бекемдөөгө жана маданий аң-сезимди өстүрүүгө колдонуу” деп аталган жыйын болот.

Иш-чаранын максаты - билим берүүдө, малчылыкта, жаратылышты сактоодо жана жалпы эле тарыхый каада-салтты кайрадан түптөө үчүн кыргыз элинин тарбиялык баалуулуктарын сактоо жана мураска калтыруу көйгөйлөрүн чагылдыруу болуп эсептелет. Жыйында кыргыздын салттуу билимдери тууралуу видео-роликтер көрсөтүлөт.

“Көчмөндөрдүн ашканасы”, “Жайлоодогу оюндар”, “Көчмөндүн боз үйү”, “Саяпкердин кеңеши” жана башка ушул сыяктуу китептер тааныштырылат. Кыргыздын салты тууралуу сүрөт көргөзмөсү, көчмөндөрдүн ашканасынан даамдар сунушталып, каалоочуларга боз үйдү тигүү эрежеси көрсөтүлөт.

Иш-чарага донор уюмдардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Кыргызстан, Кытай, Тажикстандын салттуу билимдеринин устаттары, окумуштуулар чакырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG