Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Казакстанда КМШ өкмөт башчыларынын кеңеши башталды


Кеңеш жыйыны Астанадан 300 чакырым алыс жайгашкан Бурабай аймагында өтүүдө. Анда мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жыйырмадай долбоорду карап чыгышат.

Жыйында аймактар аралык жана чек ара боюнча кызматташуунун концепциясы талкууланмакчы. Мындан сырткары токой чарба, интеллектуалдык менчик боюнча кадрларды даярдоо, маданият, билим берүү тармагында биргелешип иштешүү сүйлөшүлөт.

Жыйынга КМШга мүчө өлкөлөрдүн: Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Беларус, Тажикстан жана Армениянын премьер-министрлери катышууда. Соңунда өкмөт башчыларды Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алуусу күтүлүүдө. Ушул эле күнү Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Анда Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда соода жүгүртүү, кызматташуунун багыттары талкууланат.(KE)

XS
SM
MD
LG