Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Эсеп палатасынын аудиторуна кылмыш иш козголду


Башкы прокуратура Эсеп палатасынын аудиторуна кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Аудитор жумушка жогорку окуу жайды бүтүргөнү тууралуу жасалма диплом жана эмгек китепчеси менен орношкон, мамлекеттик класстык чин алууга жетишкен деп шектелүүдө.

Ошондой эле иликтөө жүрүшүндө Эсеп палатасына жумушка орношконго чейин эки ирет мыйзамсыз курал алып жүргөнү жана адамдын ден соолугуна залал келтиргени үчүн соттолгону аныкталган.

Буга байланыштуу аталган жаранга карата "Кылмыш кодексинин" “Алдамчылык” жана “Жасалма документ колдонуу” фактылары боюнча иш козголду. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG