Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

КМШ өкмөт башчылары кызматташтыкты талкуулоодо


Бүгүн Казакстандын Бурабай шаарчасында КМШ мамлекеттеринин премьер-министрлеринин кезектеги саммити өтүүдө. "Азаттыктын" кабарчысынын маалыматына караганда, жыйында КМШ аймагында транспорт коопсуздугу боюнча стратегия кабыл алынып, аймак аралык жана чек ара боюнча кызматташуу, токой чарба, интеллектуалдык менчик багытында кадрларды даярдоо, маданият, билим берүү тармагында биргелешип иштешүү концепциясы бекитилди.

КМШ өкмөт башчыларынын келерки жыйыны быйыл октябрда Тажикстандын борбору Душанбеде өтмөй болду. Буга чейинки жыйын былтыр ноябрда Ашгабадда өткөн.

Бурабай курорттук шаарчасы Астанадан 300 чакырым алыс жайгашкан.

Бүгүнкү саммитке Кыргызстандан премьер-министр Темир Сариев баштаган делегация катышууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG