Линктер

жекшемби, 26-февраль, 2017 Бишкек убактысы 05:19

Кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланды


Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев бүгүн Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту. Жолугушуу Казакстандын Бурабай шаарчасында өтүп жаткан КМШ мамлекеттеринин саммитинин алкагында өттү.

Эки тарап кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун иши, Камбар-Ата-1 ГЭСин, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча маселелерди талкуулады.

Миграция маселеси козголуп, Кыргызстан жарандарынын Орусияга кирип-чыгуусундагы чектөөнү алып салуу мүмкүнчүлүгү боюнча сөз болду. Ошондой эле Темир Сариев ЕАЭБ келишимдерин ратификациялоону тездетүү өтүнүчүн айтты.

Дмитрий Медведев келишимдерди кароо башталганын, аны тездетүү боюнча аракет болорун билдирди. (KE/RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG