Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Путиндин аскер өлүмдөрүн купуялаган жардыгы АКШнын катуу сынына кабылды


Орусия президенти Владимир Путиндин коргоо министрлигинин "бейпил кезде атайын операциялар учурунда каза тапкандар" тууралуу маалыматын купуяландыруу боюнча жардыгы АКШнын катуу сынына кабылды.

АКШ мамдепартаментинин өкүлү Джеф Раткенин билдиришинче, аталган жардык Украинадагы атайын аскердик операцияларда мерт кеткен орусиялык аскерлердин санын жаап-жашырууну көздөйт. Раткенин ырасташынча, Украина аймагындагы орус аскерлери жанына кимдигин аныктаган документ салышпайт, кийимдериндеги жана унааларындагы атайын белгилерди алып салышат.

Буга чейин өлкөдө согуш учурундагы аскердик жоготуулар тууралуу маалыматтар гана мамлекеттик сыр болуп келген. Орусия мыйзамдары боюнча мамлекеттик сырды жарыялагандар жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Орусия мындай дооматтар негизсиз деп четке кагууда. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков жардыктын Украинага тиешеси жок экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG