Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:17

Псковдо жолдо каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү


Псковдогу жол кырсыгында каза тапкан төрт кыргыз жаранынын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн Орусиядагы элчиликтин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, жаракат алгандардын бири ооруканадан чыкты, ал жактагы дагы эки кыргызстандыктын абалы канааттандырарлык. Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерде тергөөгө көмөктөшүп жүрөт.

Орусиянын Псков облусунда мурдагы күнү жол кырсыгында төрт кыргызстандык жаран каза тапкан. «Mazda MPV» менен «DAF» жүк ташуучу унаасы сүзүшкөн. «Мазданын» айдоочусу менен үч жүргүнчүсү набыт кеткен. Алар баары кыргыз жарандары экени, Невел шаарын көздөй баратканы аныкталды. «DAFты» белорус жараны айдап бараткан. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG