Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:05

Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө


Жыйында Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр ортосунда өз ара соода жүргүзүү, макроэкономикалык жана валюта-финансылык саясат жүргүзүү сыяктуу жыйырмага жакын маселеге каралууда. Ошондой эле ЕАЭБге кирген өлкөлөр менен Вьетнам ортосунда эркин соода жүргүзүү жөнүндө келишимге кол коюлганы жатат.

Евразия өкмөт аралык кеңеш жыйыны Казакстандын курорттук аймагы саналган Акмоло облусунун Бурабай шаарчасында өтүүдө.

Ушул эле күнү түшкө чейин КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп, токой чарба, интеллектуалдык менчик багытында кадрларды даярдоо, маданият, билим берүү тармагында биргелешип иштешүү концепциясы бекитилген.

Кеңештин алкагында өкмөт башчы Темир Сариев айрым КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. (KE)

XS
SM
MD
LG