Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Ошто Борбор Азиядагы суу маселеси талкууланууда


Бүгүн Ош мамлекеттик университетинде Европа жана Борбор Азия окумуштуулары аймактагы суу ресурстарын туура пайдалануу жолдорун талкуулап жатышат.

Талкууга Польша, Франция жана Борбор Азия мамлекеттеринин окумуштуулары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Суу ресурстарын мунасалуу пайдалануу маселелерин талкуулап жаткан жыйын эки күнгө созулмакчы.

Иш-чараны Борбор Азияны изилдөө боюнча Француз институту уюштурууда.

Фергана өрөөнү чектеш республикалардын калкы жыш жайгашкан аймак болгондуктан суу жана жер талаш маселелери көп катталат. Ошондой эле аймактагы өлкөлөрдү аралап өткөн дарыяларды пайдалануу боюнча да суроолор коюлуп келет. (YI)

XS
SM
MD
LG