Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгы белгиленүүдө


Кыргыз эл акыны, Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгына арналган мааракелик иш-чара бүгүн Бишкектеги Улуттук филармонияда өттү. Ага Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган бийлик, коомчулук өкүлдөрү, маданий ишмерлер катышты. Президенттин куттуктоосун мамлекет башчынын аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев окуп берди. Анда Алмазбек Атамбаев акынды куттуктап, кыргыз адабияты менен маданиятындагы зор эмгегин белгилеген. Ошондой эле акындын мааракесине карата президенттик фонддон 500 миң сом каражат бөлүнгөнү маалым болду.

Акын Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн.

Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган жана ырлары алыскы, жакынкы чет өлкөлөрдүн тилдерине которулган. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG