Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

Кримтөбөл Досоновдун иши сотко өткөрүлдү


Кылмыш дүйнөсүндө “Жеңго” деген каймана ат менен белгилүү Оштогу кримчөйрөнүн анабашы атыккан Кадыр Досоновго козголгон кылмыш иш тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Досоновго Кылмыштуу топ түзгөн, Мыйзамсыз курал алып жүргөн, Укук коргоо органынын кызматкерин өлтүрүү беренелери боюнча айып тагылды. Ал ИИМдин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Оштогу бөлүгүнүн башчысы полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берген деп шектелүүдө.

Буга чейин полковниктин өлүмү боюнча Досоновдун жан-жөкөрү саналган жети адам кармалып, үчөө өмүр бою, калгандары жыйырма жылга чейин соттолгон эле.

Досонов 2013-жылы жазында сот тарабынан акталып, боштондукка чыккан.

Быйыл февралда полковниктин өлүмүнө шектүүлөрдүн бири Досоновдун бул кылмышка катышы бар экенин айткандан соң кайра колго түшкөн. Бирок Досоновдун кылмышка табакташ экенин айткан адам кийинчерээк көрсөтмөсүн өзгөрткөн эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG