Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Украин өкмөтү Саакашвилини Одессанын губернаторлугуна көрсөттү


Украинанын өкмөтү Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини Одесса облусунун губернаторлугуна көрсөттү. Бул тууралуу президент Петро Порошенконун администрациясынын жетекчи орун басары Валерий Чалый жума күнү билдирди. “Өкмөттөн дал ушундай сунуш түштү” деген Чалый бул боюнча чечимди президент Порошенко кабыл аларын белгиледи. Саакашвилинин губернаторлукка дайындаларын буга чейин экология министри Игорь Шевченко Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. Азырынча президенттин сайтында Саакашвилини дайындоо тууралуу буйрук чыга элек.

Буга чейин Михаил Саакашвили Украинада реформа боюнча консультативдик кеңештин төрагалыгына дайындалганы айтылган.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Михаил Саакашвили өлкөдөн эки жыл мурун чыгып кеткен. Бул өлкөнүн жаңы бийлиги экс-президентке кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан ашыкча пайдаланган жана парламент депутатына кол салууну уюштурган деген айып таккан. Өткөн жылы августта Грузиянын Башкы прокуратурасы Саакашвилиге эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Жума күнү Тбилисинин соту Саакашвилиге козголгон кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүчтү четке каккан.

XS
SM
MD
LG