Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Пакистанда согушкерлер 19 адамды өлтүрүштү


Пакистан бийлигинин маалыматына караганда, окуя өлкө түштүк-батыштагы Белужистан аймагында болгон. 29-май кечинде болгон окуяда аймактын борбору Кветтадан 40 чакырым алыстыктагы Мастунг шаарында согушкерлер эки автобусту токтотуп, 19 жүргүнчүнү атып өлтүрүп, 20дан ашыгын барымтага алышкан.

Белужистандын полиция башчысы кол салгандар аскер формасын кийип алганын билдирди. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч бир топ ала элек.

Иран жана Ооганстан менен чек аралаш Белужистан провинциясында ислам согушкерлери, суннит экстремисттери жана белуж жикчилдери өтө активдүү. Алар аймакта шариат орнотуу үчүн ар кандай кол салууларды уюштуруп келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG