Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

New York Times: АКШ ФИФАга каршы айыптоо коюушу мүмкүн


АКШ бийлиги Дүйнөлүк футбол федерациясына (ФИФА) байланыштуу “жаңы айыптоолорду” даярдап жатат. Бул тууралуу New York Times гезити 29-майда АКШнын Ички салык кызматынын жетекчилеринин бири Роберт Уэберге шилтеме берип жазып чыкты. Ал "Федерациянын айланасында айыптоолордун жаңы толкуну болот деп айта алам” деп билдирген. Уебер бул жолку айыптоолордун жума күнү ФИФАнын президенттигине бешинчи ирет шайланган Йозеф Блаттерге тиешеси бар-жогун тактаган жок.

27-майда Швейцариянын Цюрих шаарында Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы - ФИФАнын мартабалуу жети чиновниги коррупциялык иш-аракеттерге шектелип, камакка алынган. Аларды АКШ бийлиги ФИФА жетекчилигиндеги коррупция жана паракорчулук, дүйнө чемпионаттарын өткөрүүдө шаарларды тандоо боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында кармаган. Тергөөчүлөр шектүүлөр 20 жыл ичинде 100 миллион доллар пара алышкан деп ырасташууда. Азыр эми бул жети жетекчи АКШга экстрадициялоо чечимин күтүп жатышат.

XS
SM
MD
LG