Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:49

ЕАЭС өлкөлөрү Кыргызстан боюнча келишимди июнда жактырат


Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстандын бул уюмга кошулуусу боюнча келишимди июнь айында ратификациялайт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев 29-майда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, КМШнын өкмөт башчыларынын Казакстандагы саммитинде бул тууралуу сөз болду. Анда ЕАЭСке мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары Кыргызстанга тиешелүү келишимди тез арада кароону убада кылган.

20-майда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу боюнча келишимди ратификациялады. Андан бир күн өтпөй президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Келишим биримдикке кирген төрт өлкө: Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия парламенттери жактырган соң толук кандуу күчүнө кирет.(BkA/KE)

XS
SM
MD
LG