Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Максат Чакиев эки айга камакка алынды


Милицияга пара берди деп шектелген Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту Чакиевдин баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына кармалат.

Максат Чакиев 28-майда ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалды. Милиция ишиндеги мыйзам бузууну жабуу үчүн Чакиев ушундай кадамга барган деп билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG