Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:26

АКШ менен Иран өзөктүк курал боюнча сүйлөшүү өткөрөт


Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жыйынтыктоо үчүн эки өлкө өкүлдөрү Женевада ушул ишемби жана жекшемби күндөрү жолугат.

Сүйлөшүүгө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф катышары күтүлүүдө.

Мамдепартаменттин аткаминери кабарлагандай, “Ирандын өзөктүк объектилерин текшерүүгө Зариф макул болбосо” сүйлөшүү максатына жеткен жок деп саналат.

30-июнга чейин түзүлүүсү керек болгон жыйынтык келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын мурдагыдан бир топ чектесе, ага каршы киргизилген экономикалык санкциялар жеңилдетилет.

АКШнын пикиринде, жыйынтык келишим Иран өзөктүк куралга ээ болбой турганын кепилдөөсү зарыл.

XS
SM
MD
LG