Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Жол эрежесин бузган 42 мектеп бүтүрүүчүсү кармалды


Бишкекте акыркы коңгуроо кагылган күнү жол эрежесин бузган 42 бүтүрүүчү кармалды. Бул тууралуу ИИМ алдындагы Жол кайгуул кызматынан кабарлашты. Алар жол эрежесин бузганы үчүн протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Бул күнү Жалал-Абадда 147 айдоочуга айып пул салынган. Алардын ичинде документи жок машине айдаган окуучулар да болгон.

29-майда мектептердеги окуу аяктап, акыркы коңгуроо кагылган. Бул күнү шаар көчөлөрүнө окуучулар машинелер менен чыгып, жол эрежесин бузганы тууралуу социалдык тармактарга тасмалар жарыяланган эле. Кырсыктардын алдын алуу максатында Жол кайгуул кызматы көзөмөлдү күчөткөн.(BkA/RsK)

XS
SM
MD
LG