Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Кытайда бардык ишканаларда Компартиянын бөлүмү ачылат


Кытайдын Коммунисттик партиясы өлкөдөгү бардык уюмдар менен ишканаларга партиялык бөлүмүн түзүүнү милдеттендирди.

Бул тууралуу "Жэньминь жибао" гезитине шилтеме берип, Reuters агенттиги жазып чыкты. Мындай чечим 29-майда Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин жыйынында кабыл алынган. Бул чечим Коммунисттик партиянын өлкөдө таасирин жана партиялык дисциплинаны күчөтүүгө багытталган.

Бирок бул чечим өлкөдөгү чет элдик ишканаларга тиешеси барбы жеп жокпу азырынча белгисиз.

Reuters Кытайда партиялык дисциплинаны күчөтүү деген түшүнүк коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү дегенди билдирерин жазып жатат.

Кытайда коррупция менен күрөш эки жарым жыл мурда Си Цзинпин бийликке келгенден кийин күчөтүлгөн. Буга чейин өлкөдөгү коррупцияга шектелген бир нече жогорку кызматкер жана ишкерлер өлүм жазасына тартылып же узак мөөнөткө абакка кесилген.

XS
SM
MD
LG