Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

АКШнын вице-президенти Байдендин уулу рактан көз жумду


Жо Байден
Жо Байден

46 жаштагы Бо Байден мээнин рагынан улам көз жумду. Ак үй тараткан билдирүүдө “Байдендин үй-бүлөсү кайгырып турат. Бонун жаркын элеси ар бирибиздин, айрыкча кайраттуу жубайы Хэлли менен балдары Натали жана Хантердин жүрөгүндө сакталат” деп айтылган.

Бо Байден Делавэр штатынын башкы прокурору болуп иштечү. Дал ушул штаттан вице-президент Жо Байден сенатка бир нече жолу шайланган эле. Атасы вице-президенттикке кеткен соң Бо сенаторлукка аттанышы мүмкүн деп айтылган. Ал 2008-2009-жылдары Улуттук гвардиянын капитаны катары Ирактагы аскердик операцияга да катышкан.

Бо Байден мээнин рагы дартына чалдыкканы 2013-жылы аныкталып, өткөн жылы Техастагы онкологиялык борбордо операция жасаткан.

XS
SM
MD
LG