Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Евробиримдик Орусия түзгөн “кара тизмени” сынга алды


Орусияга кирүүгө тыюу салынган европалык саясатчы жана дипломаттардын “кара тизмеси” үчүн Евробиримдик Кремлди сынга алды. Биримдиктин тышкы саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини орус бийликтеринин кадамын “негизсиз” деп атады. Могеринин айтымында, Москва “кара тизме” түзүүнүн так себептерин көрсөткөн эмес.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 89 адам киргизилген “кара тизме” Европа биримдигине жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Тизмеге Орусияга сын айткан европалык саясатчылар жана дипломаттар киргизилген.

Европарламенттин төрагасы Мартин Шульц Москванын бул кадамы үчүн өкүнүчүн билдирип, бул эки тарап ортосундагы “ишенимди дагы азайтарын” белгиледи. Ал эми Берлин болсо “кара тизмеге” киргизилген адамдар боюнча орус бийлигинен түшүндүрмө талап кылды.

Украинанын чыгышындагы абалга жана Крымдын аннексиясына байланыштуу Орусия менен Батыштын мамилеси абдан начарлап кеткен. Буга чейин Европа биримдиги Орусия жана Украинанын 151 жаранын “кара тизмеге” киргизип, аларга биримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салган эле.

XS
SM
MD
LG