Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:19

Казакстанда саясий курмандыктар эскерилүүдө


Бүгүн Казакстанда саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күнгө карата Алматы облусунун Жаналык айылындагы мемориалдык комплексте эскерүү иш-чарасы өтүүдө. Дал ушул айылда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын учурунда атылган 4800дөн ашык адамдын сөөгү көмүлгөн. Казакстанда жалпысынан репрессия учурунда 22 миңден ашык адам атылганын тарыхчылар айтып келишет.

Ошондой эле бул өлкөдө советтик саясий туткундарды камачу ири лагерлер жайгашкан. ГУЛАГ Карагандада жайгашса, саясий туткундардын жубайлары кармалчу АЛЖИР лагери Акмолодо түзүлгөн.

Мындан сырткары сталиндик репрессия жылдары Казакстандын аймагына да миңдеген немис, чечен, грек, калмак, ингуш, карачай, балкар, крым татарлары жана түрктөр күч менен көчүрүлүп келген.

Расмий маалыматтар боюнча, СССРде сталиндик репрессиянын курмандыгы деп 12,5 миллион адам табылган. Анын ичинде Кыргызстандан 40 миңден ашык адам бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG