Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:42

Акын Сооронбай Жусуевдин китеп көргөзмөсү өтүүдө


Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканасында кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгына арналган көргөзмө өтүп жатат. Бул тууралуу аталган китепканадан кабарлашты. Көрүүчүлөр акындын китептери, чыгармачылыгын баяндаган сүрөт, макалалар топтому менен тааныша алат.

Жусуевдин 90 жылдык мааракесине арналган салтанат ушул аптада Бишкектеги Улуттук филармонияда өткөн.

Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда кызмат өтөгөн.

Алгачкы «Эмгек күүсү» аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG