Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:37

Сауд Арабия Йемендеги хусит жикчилеринин базасына абадан сокку урду


Йемен, 27-май, 2015-жыл

Йемен, 27-май, 2015-жыл

Сауд Арабия баштаган коалиция Йемендин борбору Санадагы хусит жикчилдердин аскердик базасына абадан сокку урду. Ага чейин жикчилдер Сауд Арабия тарапка ракетадан аткылап, бир сауд жоокери каза болгону кабарланган. Жети аскери жараат алган.

Сауд Арабиянын учактары бүгүн Сананын аэропортунун жанындагы аскер базаны бутага алды.

Шииттердин хуси козголоңчулары Йемендин баш калаасы Сананы январь айында басып алышканда, президент Абд Раббу Мансур Хади түштүктөгү Аден портуна качкан эле.

Март айында экс-президент Али Абдулла Салех колдогон армия бөлүктөрүнүн жардамы менен шииттердин хуси согушкерлери Аденге кирип келгенде, мамлекет башчысы өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери Сауд Аравия баштаган коалиция хисуттерге каршы абадан сокку уруп жатат.

БУУ бул чатак башталганы 1870тен ашык адам мерт кетип, жети миңден ашыгы жараат алганын кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG