Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Германия ФИФАны жаңыланууга чакырды


Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Футбол ассоциацияларынын эл аралык федерациясы – ФИФАны чечкиндүү түрдө жаңыланууга чакырды. Министр Welt am Sonntag гезитине маегинде жөнөкөй футболчу, тренер жана судьялар менен “эл аралык федерациянын махинатор жетекчилигинин” ортосунда ажырым жаралганын айткан.

ФИФА президентинин жума күнкү шайлоо жыйынтыгын комментарийлеп жатып, Штайнмайер “футболго болуп көрбөгөндөй сокку урулду” деп билдирди.

ФИФА президентин шайлоо 29-майда өткөн. Анда федерациянын президенти Йозеф Блаттер бешинчи ирет бул кызматка шайланган эле.

Бирок анын алдында Швейцариянын Цюрих шаарында ФИФАнын мартабалуу жети чиновниги коррупциялык иш-аракеттерге шектелип, камакка алынган. Аларды АКШ бийлиги ФИФА жетекчилигиндеги коррупция жана паракорчулук, дүйнө чемпионаттарын өткөрүүдө шаарларды тандоо боюнча жүргүзгөн иликтөөнүн алкагында кармаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG