Кыргызстанда түзөтүү мекемелеринин комплексин куруу сунушталууда. Мындай сунуш менен өкмөткө Жаза аткаруу кызматы чыкты. Долбоор бюджеттик каражаттарды үнөмдүү пайдалануу максатын көздөйт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча аны ишке ашырууга 28,5 миллион доллар керектелет. Комплексте төрт миңден ашык соттолуучу жазасын өтөйт.
Бул долбоор менен премьер-министр Темир Сариев таанышып, Жаза аткаруу кызматына долбоорду деталдуу түрдө кайрдан иштеп чыгууну тапшырды.