Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:00

Гани Пакистандан талиптерге чара көрүүнү талап кылды


Ооганстандын президенти Ашраф Гани Пакистан бийликтеринен "Талибанга" каршы чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылды. Президент Гани бул тууралуу өткөн аптада Пакистан бийлигине жөнөткөн катында айткан. Анда ооган президенти расмий Исламабадды талиптерге каршы күрөштү күчөтүүгө чакырган. Бул кат ооган президенти Пакистан менен талиптерге каршы биргеликте күрөшүү боюнча келишим түзгөнү үчүн сынга кабылып жатканда жөнөтүлдү.

Келишимде талиптерге каршы күрөшүү үчүн Ооганстан жана Пакистан атайын кызматтарынын маалымат алмашуусу каралган.

Бирок ооган парламентинин мүчөлөрү Ганини өлкө кызыкчылыктарын көздөгөн жок деп сындап чыккан. Ооганстандын мурунку президенти Хамид Карзайдын учурунда Исламабад менен мамиле начарлап кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG