Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Кыргызстанда жумушсуздардын теңинен көбүн аялдар түзөт


Талаада иштеп жаткан аялдар. Жалал-Абад облусу, 2012-жыл.
Талаада иштеп жаткан аялдар. Жалал-Абад облусу, 2012-жыл.

Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги ушул тапта өлкөдө ишсиздердин жалпы саны 92 миңден ашарын билдирди. Алардын 52 пайыздан көбүн аялдар түзөт.

Статистикалык маалымат боюнча, жумушсуздардын эң көбү Жалал-Абад облусунда, бул аймакта 13 миңден көп жаран иш издеп жүрөт. Андан кийинки тепкичте Ош облусу - 11 миңден ашуун кишинин жумушу жок. Баткен, Нарын, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында ишсиздер 6-7 миңдин айланасында. Ал эми Талас менен Ысык-Көл облустарындагы жумуш издегендер беш миңге жетпейт.

Адистер бул көрсөткүч расмий эмес түрдө мындан да көп экенин белгилешет. (SE)

XS
SM
MD
LG