Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Кыргызстандын Баш мыйзамын дагы бир ирет өзгөртүү жарандардын укугунун бузулушуна жол ачарын белгилеген бир катар укук коргоочулар жана активисттер бүгүн Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшөт. Демилгечилердин катарында Чолпон Жакупова, Нурбек Токтакунов, Рита Карасартова жана Динара Ошурахунова бар.

Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлери быйыл күздөгү парламенттик шайлоо менен бирге референдум өткөрүп, Баш мыйзамга толуктоо киргизүү демилгесин көтөрүшкөн. Анда президенттин, өкмөт башчынын жана фракция лидерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралган.

Кыргызстан эгемендикти алгандан бери Конституция сегиз жолу өзгөртүлгөн. Акыркы референдум 2010-жылы өткөрүлүп, анда 2020-жылга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө мораторий киргизилген эле. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG