Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:45

Украинада кыйраган учак боюнча документтер жасалма экени айтылууда


MH17 учагынын кыйроосуна байланыштуу спутниктен тартылган сүрөт.
MH17 учагынын кыйроосуна байланыштуу спутниктен тартылган сүрөт.

Британиянын көз карандысыз эксперттери 2014-жылдын июлунда Украина аймагында кыйраган малайзиялык учак боюнча спутниктен тартылган сүрөттөр жасалма экендигин билдиришти. Фотосүрөттөрдү Орусиянын Коргоо министрлиги кырсыктан төрт күн өткөн соң берип, алар аталган мекеменин расмий сайтына да жарыяланган. Англис журналисти Элиот Хиггинсон Bellingcat интернет басылмасы аркылуу тараткан маалыматка ылайык, адистердин тыянагында сүрөттөр Adobe Photoshop CS5 программасы аркылуу өзгөртүлгөндүгү белгиленген.

Бир жыл мурун Амстердамдан Куала-Лумпурду карай бараткан учак абада кыйрап, бардык жүргүнчүлөр каза тапкан эле. Батыш өлкөлөрү учакка орусиячыл жикчилдер тарабынан “Бук” деп аталган ракеталык колдонмо менен сокку урулганын билдиришкен.

Окуя боюнча жеринде иликтөө жүргүзүп жаткан даниялык адистер тыянактарын быйыл күзүндө жарыялашат. (SE)

XS
SM
MD
LG