Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Бүгүн Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленет


1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында жеткинчектерге арналган иш-чаралар өтөт. Социалдык өнүктүрүү министрлиги Чүй облусундагы Беловодск айылында жайгашкан балдар үйүнө, Сокулуктагы реабилитациялык борбордо кайрымдуулук иш-чарасын уюштурат. Ага министр Кудайберген Базарбаев катышат. Ошондой эле “Ата-Түрк” паркында оюн-зоок өткөрүлөт.

Андан сырткары Бишкекте бир катар коомдук бирикмелер балдарга карата зомбулукту азайтууга чакырган талкууларды уюштурмакчы.

Быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдардын саны 40 миңге чамалады. Былтыр бул мезгилде 38 миң ымыркай каттоого алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG