Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Кыргызстанда куурай өстүргөн Өзбекстандын жараны кармалды


Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука чек ара тозотунун аскерлери мамлекеттик чек араны бузуп өткөн Өзбекстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу бүгүн Чек ара кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындан мурдарак кыргыз-өзбек чек арасынан 200 метр аралыктагы Чаласарт аймагында, эч ким жашабаган ээн жерде кара куурай плантация табылган. Чек арачылар бир канча күн көзөмөл жүргүзүп, кара куурайды суугарып жүргөн жеринен кожоюнду кармашкан.

Кармалган жаран Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Нанай айылынын тургуну болуп чыккан. Тиешелүү документтер толтурулуп, өзбекстандык жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG