Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Кылычбек Арпачиевдин соту 8-июнда болот


Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева билдирди. Айрым маалымат каражаттары өз булактарына таянып, учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайында отурган мурдагы прокурор Кылычбек Арпачиевдин баш коргоо чарасы өзгөргөнүн жазып чыгышкан.

"Биринчи май райондук соту 26-мартта Арпачиевге карата бөгөт коюу чарасын карап, 19-майга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган. Бул аралыкта анын иши сотко түшкөн. Ошого байланыштуу соттук процесс өткөнгө чейин анын баш коргоо чарасы камакта болуп турат. Ал учурда УКМКнын убактылуу кармоо жайында", - деди Токтошева.

УКМКнын маалыматына ылайык, Кылычбек Арпачиев март айында иш бөлмөсүндө 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Ал Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эки айга тергөө абагына камалган. Жогорку Соттун буга чейинки маалыматы боюнча, Арпачиевге карата жазык иш Биринчи май райондук сотуна келип түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG